Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:57

Социалдык мекемелердеги документи жок адамдар тууралуу түшүндүрмө берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстандагы социалдык стационардык мекемелерде жашаган 142 адамдын тек-жайын тастыктоочу документтери жоктугуна байланыштуу түшүндүрмө берди.

Анда социалдык мекемелердин кызматкерлери бейтаптардын документтерин калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүшөрү, бирок түрдүү кыйынчылыктар болору тууралуу жазылган.

"Интернаттарда жашаган айрым адамдар СССР учурунда - СССРдин аймагында төрөлүшкөн, аларга жаңы паспорт алуу үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн же анын дубликатын, нике күбөлүгүн көрсөтүү талап кылынат. Алардын туулган жерлерине, КМШ өлкөлөрүнө жиберилген суроо-каттар жоопсуз калууда. Ошондой эле интернаттарда чет өлкөлөрдүн жарандары жашайт, аларды мекенине депортациялоону уюштуруучу ченемдик актылар жок. Мындан тышкары социалдык мекемеге чейин эле туруктуу жашаган жери, тек-жайын тастыктаган документи жок, аны кайдан алууну билбеген жарандардын документтерин калыбына келтирүү көйгөй жаратып жатат", - деп жазылган маалыматта.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бул маселелерди чечүү максатында Санариптик өнүктүрүү министрлигине кайрылганы кошумчаланды.

Аталган министрликтин карамагында 17 стационардык социалдык мекеме бар. Анда 2347 адам жашайт. Алардын 517си майыптыгы бар улгайган адамдар, 472си балдар интернаттарында тарбияланууда. Калган 1358и психоневрологиялык социалдык стационарларда жатат.

Акыйкатчы институту 5-мартта Кыргызстандын оорукчан адамдар жашаган социалдык стационардык мекемелеринде жашаган 142 кишинин паспорту жок экенин билдирген.
Ушундан улам алар өздөрүнүн социалдык-экономикалык жана башка укуктарын пайдалана албай турганы айтылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG