Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:54

Алматы: жер титирөө тууралуу эскерткен система киргизүү пландалууда


Алматы шаары
Алматы шаары

Казакстанда бүгүн таңкы 5те дагы бир жер титирөө катталды. Очогу Алматы шаарынан 266 чакырым алыс жерде, Кытайдын аймагында орун алганын Чукул кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Алматыда жер титирөө 2 баллга сезилди. Жыл башынан бери шаарда бир нече жер силкинүү болду.

Алматынын бийлиги элге жер титирөө тууралуу эскертүү системасына дагы бир миллион доллардан ашуун каражат сарптоону караштырууда. Мындай чечим кабыл алынганын шаар башчы Ерболат Досаев өкмөттүн жыйынында билдирди. Жаңы система эки айдан кийин пилоттук режимде ишке киргизилмекчи.

"Азаттыктын" кабарчысы жеринен маалымдагандай, 4-марттагы силкинүү тууралуу СМСтерди шаар тургундары эки сааттан кийин гана ала баштаган. Алматылыктар биринчи кезекте балдарын мектептерден алууга жөнөп, узун тыгындар пайда болду. 5 баллдык жер титирөө чоң зыян алып келген жок. Элге зилзала тууралуу маалымат берүү системасына буга чейин эки миллион доллардан көп акча коротулган.

Өзгөчө кырдаалдар департаментинин маалыматына ылайык, жакынкы күндөрдө Алматыда жана жака белдеринде жер катуу титирейт деген ыктымалдык өтө төмөн. Бирок майда силкинүүлөр кайталанышы мүмкүн.

23-январга караган түнү Кытайдын аймагында күчү 7-8 баллга жеткен жер титирөө катталып, анын эпкини Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанга чейин жеткен. Алматы шаарында анын күчү беш балл болгон.

XS
SM
MD
LG