Бишкек мэриясы темир жолдон өтө турган өтмөктөрдүн долбоорун жарыялады

Сол тарапта Фучик көчөсүнүн узартуу жана оң тарапта Бакаев көчөсүнүн узартуу долбоору.

Бишкек шаардык мэриясы Фучик көчөсүн жана Бакаев (төмөн жагы Матыев) көчөсүн узартып, темир жолду кесип өтө турган өтмөктөрдүн долбоорун жарыялады. Анын сүрөттөрү мэриянын сайтына чыкты.

Долбоордон көрүнүп тургандай, Фучик көчөсү Лев Толстой көчөсүнө чейин узарат. Бакаев (Матыев) көчөсү Толстой көчөсүнөн ары Ала-Арча суусунун жээгин бойлой Бөкөнбаев көчөсүнө чейин созулат. Бул Жаш гвардия бульвары жана Асаналиев (Некрасова) көчөлөрүндөгү тыгындарды бир топ жеңилдетет деп күтүлүүдө.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы аталган көчөдөн сырткары Кара-Дарыя жана Сүйүмбаев көчөлөрү темир жолдун үстү аркылуу бириктирилип, Шүкүров көчөсү аркылуу көпүрө курулуп, Медеров көчөсүнө чыгарыларын маалымдады.

Калаа жетекчилиги шаарда автотыгындарды азайтуучу чаралардын бири катары аталган эки көчөнү узартып, темир жолду кесип өткөн жол куруу планын 8-февралда жарыялаган. Жумуштар 27-февралда башталды.

Мэриянын басма сөз кызматы чечмелегендей, темир жол шаарды эки бөлүккө бөлүп турат. Аны кесип өткөн башка көчөлөрдөгү учурдагы эстакадалар калаанын түштүк жана түндүк бөлүктөрүнүн ортосундагы транспорттук байланышты жетиштүү камсыздай албайт. Ошол себептүү темир жолду кесип өтүүчү жолдордун санын көбөйтүү зарылчылыгы күн санап күчөп жатат. Мэриянын коллегиялык жыйынында белгилүү болгондой, шаарда темир жолду кесип өткөн 9 өтмөк куруу планы бар. (ErN)

Дагы караңыз

Бишкекте жаңы автобустар үчүн газ куюучу бекет ачылды Charge fast каржылык компаниясынын негиздөөчүлөрү кармалдыУкраинада соңку суткада Орусиянын чабуулунан эки кишинин өмүрү кыйылдыИзраил Газа боюнча сүйлөшүүлөргө делегациясын жөнөтө элекАкыйкатчы психиатриялык оорулардан жабыркагандардын укугун коргоого чакырды Кара-Көлдө каржы пирамидасынан келтирилген чыгым 17,6 млн сомду түздү Украина Крымда Орусиянын кайгуул кемесин жок кылганын билдирди