Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

Акыйкатчы психиатриялык оорулардан жабыркагандардын укугун коргоого чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Кыргызстандын оорукчан адамдар жашаган социалдык стационардык мекемелеринде жашаган 142 кишинин паспорту жок экенин айтты.

"Тек-жайын тастыктаган документи жоктугунан улам алар өздөрүнүн социалдык-экономикалык жана башка укуктарын пайдалана алышпайт. Андан тышкары, паспорту жоктугунан айрым бейтаптарды башка психоневрологиялык мекемелерге которууда кыйынчылыктар жаралат. Психоневрологиялык социалдык стоционардык мекемелерде жашагандар оор тагдырга кабылган кары-картаңдар, мүмкүнчүлүгү чектелгендер. Алар башкалардын камкордугана жана жардамына такай муктаж болгондуктан, документтерди калыбына келтирүү көйгөйүн өз алдынча чече алышпайт", - Жаманбаеванын мындай маалыматын Акыйкатчы институту таратты.

Институттун өкүлдөрү Кадамжай районундагы психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеге мониторинг жүргүзүп, 19 адамдын тек-жайын тактаган документтери жок экенин аныкташкан. Алардын 15и эркек, 4өө аял киши. Бул жарандар аталган мекемеде көп жылдан бери жашаса да, алардын кайдан, качан келгени, жашы канчада экени, атүгүл аты-жөнү да белгисиз.

"Мисалы, аталган мекемеде 2011-жылдан бери жашаган эркек кишинин жеке баракчасында аты-жөнү "Белгисиз Жоро" деп жазылган. Бул атты мекеменин кызматкерлери берген. Чыныгы аты-жөнү, туулган жери, жашы тууралуу да маалымат жок. Ошондой эле, анын жакындарынын бар-жогу белгисиз. 2011-жылдан бери анын өздүгү аныктала элек. Ошондой эле аталган стационардык мекемеде 1983-жылдан бери жашаган эркек адамдын да тек-жайы белгисиз", - деп билдирген акыйкатчы.

Мекеме мамлекеттик органдарды психиатриялык оорудан жапа чеккен адамдардын укугун коргоого чакырууда. Укук коргоочу мекеме бул бейтаптар алсыздыгынан катаал мамилеге же кыйноого дуушар болушу ыктымалдыгын белгилеп, алардын укуктарын коргоону күчөтүү зарылдыгын эскертти.

4-декабрда Республикалык психиатрия жана наркология борборунда аутизмден жабыркаган кыздын кыйноого кабылганы кабарланып, мекеменин бөлүм башчысы кызматтан алынган.

6-декабрда социалдык тармактарда Кадамжайдагы социалдык стационардык мекемеде мүмкүнчүлүгү чектелүү адамды мекеменин кызматкери сабап жаткан тасма тараган.

Кийин ал иштен алынып, жетекчилери жоопко тартылганы кабарланган.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда ушул тапта майыптыгы бар балдардын саны 37 миңден көп. ЮНИСЕФ уюму Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын 82% жакындары, карап- баккан адамдары психологиялык кысымга алып, уруп-сабай турганын жылдык баяндамасында билдирген.

Кыргызстандагы 17 социалдык стационардык мекемелерде 2347 адам бар. Алардын 517си майыптыгы бар кары адамдар, 472си балдар интернаттарында тарбияланууда. Калган 1358и психоневрологиялык социалдык стационарларда жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG