Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:05

Кара-Көлдө каржы пирамидасынан келтирилген чыгым 17,6 млн сомду түздү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын 100дөн ашуун тургуну “Тез заряд” деп аталган каржы пирамидасына акча салып, алданып калганын айтып милицияга кайрылды.

Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмү (ШИИБ) маалымдагандай, 500 000 сомдон 1,5 млн сомго чейин акчасын алдырып койгон үй-бүлөлөр бар.

2024-жылы 1-март күнү аталган каржы пирамидасы иштебей, жарандар депозитке салган акчасын ала албай калышкан.

Компания өкүлдөрү депозитке акча салгандардын каражатын эки эсе көбөйтүп беребиз деп убада кылышкан. Жарандар мобилдик тиркемелер аркылуу акча которушуп, “Тез заряд” пирамидасына кошулган.

Милицияга жазылган арыздын негизинде жалпы 116 материал каттоого алынып, келтирилген чыгым 17 600 000 сомго чукул экени аныкталган.

“Тез заряд” каржы пирамидасын жайылткан бир тууган ага-инилердин бири Бишкек шаарында кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми экинчиси изделүүдө.

Жалпысынан марттын башынан бери “Тез заряд” каржы пирамидасынын негиздеген деген шек менен беш киши кармалды.(TB)

XS
SM
MD
LG