Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:20

Украинада соңку суткада Орусиянын чабуулунан эки кишинин өмүрү кыйылды


Донецк облусу. 2024-жылдын 4-марты.
Донецк облусу. 2024-жылдын 4-марты.

Орусиянын чабуулдарынан соңку суткада Украинада эки кишинин өмүрү кыйылганын, беш киши жараат алганын 5-мартта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.

Запорожье облусуна 295 жолу сокку урулганы, кассеталык дүрмөттөн бир киши каза болгону, үйлөр, инфраструктура талкаланганы, Донецк облусунда да бир жай тургундун өмүрү кыйылганы, Харьков облусунда адамдар жараат алганы, Сумы облусунда 228 жерде жарылуу болгону, Херсон облусунда үйлөр талкаланып, бир киши жараат алганы, Днепропетров облусунда бир нече ишкана, автомашиналар жана электр, газ куурлары иштен чыкканы маалымдалды.

Харьков облусунда бүгүн 5-мартта өткөн айдагы авиачабуулда жараат алган 55 жаштагы аял көз жумганы белгилүү болду. Орусиянын бул облустун Купянск районунун Черное кыштагына 15-февралда урган соккусунан набыт болгондор ушуну менен төрт кишиге жетти.

Украина кечээтен бери Орусия Одесса аймагына учурган 22 учкучсуз учактын 18ин атып түшүргөнүн билдирди. 2-мартта бул шаар дрон чабуулуна кабылган, ондон ашуун адамдын өмүрү кыйылган.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украина менен чектеш Белгород облусунда украин аскерлеринин үч дронун жок кылганын кабарлады.

Орусия соңку эки жылдан бери Украинанын аймактарын болгон күжүрмөн курал-жарагы менен бутага алып келет.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) быйылкы жылдын 21-февралына карата маалыматы боюнча, эки жыл аралыгында Орусиянын толук масштабдуу кол салуусунан Украина 10 582 жаранынан айрылды, дагы 19 875 киши жараат алды. Уюм чынында курмандыктар мындан көп деп эсептейт.

Москва кол салуусун «атайын аскердик операция» деп атап, Украинанын жарандарын өлтүрүп, жарандык инфраструктурасын талкалап жатканын далилдерге карабастан моюнуна албай келет. (RK)

XS
SM
MD
LG