Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:14

Бишкекте жаңы автобустар үчүн газ куюучу бекет ачылды


Газ куюучу бекет. Бишкек. 5-март, 2024-жыл
Газ куюучу бекет. Бишкек. 5-март, 2024-жыл

Бишкектеги муниципалдык автотранспорт ишканасынын базасында жаңы автобустар үчүн газ куюучу бекет ачылды. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Газ куюучу бекет автобазанын аймагына курулган. Мэриянын белгилешинче бул автобустарга каттамдын соңунда газ толтуруп алууга шарт түзөт.

Газ бекетинде бир күндө 100 автобуска көгүлтүр от куюу мүмкүнчүлүгү бар, ал дагы көбөйтүлөрү кабарланды.

"Ушул тапта Бишкектин көчөлөрүндө 600 чамалуу жаңы автобус эл ташып жатат. Марттын аягына чейин Кытайдан дагы 500 автобус келери күтүлүүдө. Шаардын борбордук көчөлөрүндө жүргөн кичиавтобустардын дээрлик баары автобустар менен алмаштырылат", - деп жазылган маалыматта.

Учурда миңден ашуун автобусту батыруу үчүн аталган ишкананын 2-автобазасы даярдалып жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG