Кара-Суу районунун Савай айылдык аймагынын Кызыл-Шарк айылында төрт киши көмүрдүн исине ууланып каза болду.
Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук милициясы билдирди. Маалыматка ылайык, истен 31 жаштагы аял, анын 3 жашар кызы, 6 жашар уулу жана 7 жашар жээни каза тапкан. Милиция окуя 3-мартта болгонун, үй-бүлө башчысы Орусияда мигрант болуп жүргөнүн кошумчалады.
“Алгачкы медициналык жардам көрсөтүү мүмкүн болгон эмес. Себеби, ал учурда бардыгы каза болуп калган. Аймактык тескөөчү милиция кызматкерлери жана Кара-Суу райондук прокуратура кызматкерлери тарабынан жеринде изилдөө иштери жүргүзүлүп, зордук-зомбулук жок экендиги аныкталып, туугандары экспертиза жүргүзүүдөн баш тартышкандан кийин аларга өткөрүлүп берилген”, - деп айтылат маалыматта.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматы боюнча 2023-жылдын 11 айында Кыргызстанда 3 116 өрт кырсыгы катталып, 29 адам каза болуп, жалпы 1 млрд сомдон ашык чыгым алып келген. (BTo/DSh)
Дагы караңыз
Баткен жана Кара-Суу округдарында шайлоо 28-апрелге белгилендиНемис элчисинин орус ТИМдеги жолугушуусу боюнча эки башка маалымат берилди4-март: АКШга 10 жылдык виза мөөнөтү, Токтогулдагы суунун көлөмү, Самарадагы жарылуу ИИМ каржы пирамидасын уюштурууга шектүү кыздар кармалганын билдирдиБайгазиев: Токтогулда 7,7 млрд куб метр суу калды. 6,5 млрдга жетсе, авариялык абалга кептелет