Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:51

Немис элчисинин орус ТИМдеги жолугушуусу боюнча эки башка маалымат берилди


Александр Ламбсдорф. Архивдик сүрөт.
Александр Ламбсдорф. Архивдик сүрөт.

Германиялык офицерлердин Украинага жардам тууралуу сүйлөшүп жатканы делген аудио боюнча талкуу жаралган чакта бүгүн 4-мартта Германиянын Орусиядагы элчиси Александр Ламбсдорф бир саатка жакын убакыт Москвада Тышкы иштер министрлигинде болгону кабарланды.

Орусиянын мамлекеттик телеканалдары аны министрликке ошол аудиотасмага байланыштуу чакыртышканын маалымдашты.

Ал эми Германиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү бул «эбак пландалган жолугушуу» болгонун AFP агенттигине билдирди.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков интернетке тараган аудио «Батыштын Украинадагы конфликтке түздөн-түз кийлигишүүсүнүн далили», «Германия Орусиянын аймагына чабуул коюу планын мазмундуу жана так талкуулап жатканынын белгиси» деген пикирин айтты.

Германиянын Коргоо министрлиги аудио тараганын тастыктаган, бирок андагы мазмун өзгөртүлгөнбү же жасалмабы, тактаган эмес.

38 минуталык аудиотасманы 1-мартта Кремлдин пропагандачысы, RT (Russia Today) мамлекеттик телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян жарыялаган. Тасмадагы сүйлөшүп жаткандар Германиянын Аскердик-аба күчтөрүнүн командачысы Инго Герхарц, бригадалык генерал Франк Грефе жана башка офицерлер экени, алар Германияда жасалган, 500 чакырымга чейинки аралыкка чабуул кое ала турган Taurus ракеталарын Украинага колдонууга берүү ыктымалдыгын талкуулап жатышканы айтылган. Аудиодо Taurus ракетасынын Орусиянын аймагын Украинанын 2014-жылы аннексиялап алган Крым жарым аралы менен байланыштырып турган 18 чакырымдык көпүрөнү жарактан чыгаруу жөндөмү тууралуу сөз болуп жатканы да айтылган.

Германиянын канцлери Олаф Шольц кырдаал курчушу ыктымал экенин айтып, мындай ракеталарды Украинага берүүдөн баш тарткан.

Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында кол салган. (RK)

XS
SM
MD
LG