Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:19

Баткен жана Кара-Суу округдарында шайлоо 28-апрелге белгиленди


Кыргызстанда өткөн шайлоолордун бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстанда өткөн шайлоолордун бири. Иллюстрациялык сүрөт.

№2 Баткен жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелде өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы 4-мартта билдирди. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 22-февралда Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевди өздөрү жазган арыздын негизинде депутаттык мандатынан ажыраткан.

Искендер Матраимов 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо Кара-Суу районунан, Нурлан Ражабалиев Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген.

Искендер Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовдун агасы.

Ал эми Нурлан Ражабалиев 2021-жылы 27-январда “Коррупция” беренеси боюнча соттолгон. Тергөөнүн маалыматында, Райымбек Матраимов, Ош бажысынын мурдагы жетекчиси Нурлан Ражабалиев жана Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы жетекчиси Абдыбахаб Боронбаев Бажы кызматында коррупциялык схема түзүп, Кыргызстан аркылуу Тажикстан жана Өзбекстанга өтө турган ар бир машинеден акча алып турганы айтылган.

Жыйынтыгында Ражабалиев бюджетке келтирилген чыгымдын ордун толтуруш үчүн 12 млн сом, андан кийин сот чечимине ылайык дагы 260 000 миң сом төгүп берген. Абдыбахаб Боронбаев 8 млн сом төлөгөн. Ал да 14-февралда депутаттык мандатын тапшырган.

15-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал жарыяланган.

УКМК 8-февралда Райымбек Матраимовдун 34 млн 810 миң 500 долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөнүн билдирген. Анын ичинде Бишкек менен Ош шаарларындагы кымбат үйлөр, коммерциялык имараттар, Чүй жана Ош облусундагы эки бажылык каттоо жери көрсөтүлгөн.

Ош облусунун Кара-Суу районунда Райымбек Матраимовго тиешелүү делген 26 кыймылсыз мүлк камакка коюлган.

Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып тагылган.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында кыргыз бажысында башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 млрд сом төгүп берген. (BTo)

XS
SM
MD
LG