Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

ИИМ каржы пирамидасын уюштурууга шектүү кыздар кармалганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте каржы пирамидасын уюштурууга шек саналып 33 жана 29 жаштагы жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлащты. Расмий маалыматка караганда, милицияга О.А. аттуу жаран Chargefast (тез заряд) компаниясынын ээлерине карата чара көрүп берүүнү өтүнүп кайрылган.

"Алар акчаны эки эсе көбөйтүү шылтоосу менен ишенимге кирип, алдамчылык жолу менен 400 миң сом суммадагы акча каражатын ээлеп алган. Андан кийин убадасын аткарбай, жүргөн жерин жашырышкан", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Финансы пирамидаларын уюштуруу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кармалган эки жаран милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды. Азыркы учурда алардын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар-жогун аныктоо аракеттери көрүлүп жатканы белгиленген.

ИИМдин белгилешинче, Бишкек милициясына 50дөн ашуун жаран ушул өндүү арызы менен кайрылган.

Буга чейин аталган мекеме 2023-жылы каржы пирамидаларына байланыштуу 358 кылмыш иши тергелип, анын ичинен 217 иш сотко жөнөтүлгөнүн, 98и боюнча ушу тапта тергөө иштери улантылып жатканын билдирген.

Мекеменин маалыматында, каржы пирамидасы боюнча кылмыш иштеринин көбү Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында болгон. Жабырлануучулардын жалпы саны 350 адамдан ашып, келтирилген материалдык чыгым 68 млн сомдон көп деп эсептелген. Козголгон иштерге байланыштуу 40 адам жоопко тартылган.

Кыргызстанда каржы пирамидасынан жабыркагандар соңку жылдары көбөйүүдө. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG