Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Байгазиев: Токтогулда 7,7 млрд куб метр суу калды. 6,5 млрдга жетсе, авариялык абалга кептелет


Токтогул ГЭСи
Токтогул ГЭСи

Энергетика министрлигинин март айына коюлган божомолуна ылайык, Кыргызстанда электр энергиясын колдонуунун күнүмдүк лимити 54 млн кв саат болсо, 3-мартта электр энергиясын керектөө 69 млн квт саатка жетти. Бул маалыматты энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев 4-мартта журналисттерге билдирди.

Байгазиевдин айтымында, жылытуу сезону башталган былтыр күзгү мезгилдеги божомол боюнча 2024-жылдын 1-апрелинде Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7,5 млрд кубга түшөрү болжолдонгон.

"Бирок керектөө өсүп, 4-мартка карата Токтогулда 7,7 млрд куб суу турат. Бул соңку жылдардагы эң төмөн көрсөткүч. Токтогул суу сактагычындагы суу 6,5 млрд метр кубга жетсе, анда ГЭС авариялык абалга кептелет. Эгер керектөөлөр ашыкча боло берсе, анда биз чектөө киргизүүгө мажбур болобуз. Ушундан улам эртең менен жана кечинде жылытуу жабдыктарын өчүрүп, энергияны үнөмдүү колдонууңуздарды өтүнөм. Биз күнүмдүк 54 млн квт саат лимиттен чыкпоого аракет кылышыбыз керек. Эгер коңшулар бизге берип жаткан электр энергиясынын көлөмүн көбөйтүп берсе, суу сактагычтагы суу 7,5 млрд метр кубдан төмөн түшпөйт", - деди Байгазиев.

Кыргыз өкмөтү соңку эки жылдан бери электр энергиясынын таңкыстыгын жабуу үчүн Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстандан 3 млрд кВт электр тогун импорттоп келет. Быйыл ага кошумча Орусиядан да 870 млн кВттан ашуун электр кубатын импорттоду. Өзбекстан жана Казакстан менен электр энергиянын айрым бөлүгү өз ара алмашуу аркылуу соодаланат.

Ушул тапта Токтогул суу сактагычында 7 млрд 750 млн метр куб суу бар.

14-февралда суу сактагычтагы суунун көлөмү 8,792 млрд метр куб болчу.

Токтогул суу сактагычынын ойдуңуна 19 млрд метр кубдан ашуун суу батат. Мындай көлөмдөгү суу акыркы жолу 2010-жылы чогулган. (AiB/ZKo)

XS
SM
MD
LG