Кыргызстанда бир аптада 15 кишиден коронавирус аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Өткөн апта ичинде Кыргызстанда COVID-19 жуктурган 15 учур катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти 4-мартта билдирди.

Бишкекте - 8, Ошто - 4, Чүй облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда 1 адамдан вирус аныкталган.

Мындан тышкары соңку бир аптада курч респиратордук вирустук инфекция жуктурган жана сасык тумоолоп калган 6 миң 578 учур катталган. Бул көрсөткүч өткөн аптага салыштырганда 20,7% көп, бирок эпидемиологиялык чектен 13,5% төмөн. Ооругандардын 67% 14 жашка чейинки балдар.

Өлкө боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу деп бааланууда.

Былтыр декабрда суук түшүп, Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна курч респиратордук вирустук инфекциялар, бронхит жана пневмония менен ооруган балдар көп кайрылган. Мындан улам Саламаттык сактоо министрлиги кошумча дарыгерлер, ординаторлор ишке тартылганын билдирген.

Дагы караңыз

Бишкек шаардык кеңеши борборго кошулган аймактардын депутаттарын чогулттуБир аптада автоунааны мас абалда айдаган 200дөн ашуун айдоочу кармалдыАбанын сапатын баалоо үчүн Кыргызстандын өзүнүн индексин киргизүү сунушталдыАКШда автокырсыктан эки кыргызстандык набыт болду