Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Бир аптада автоунааны мас абалда айдаган 200дөн ашуун айдоочу кармалды


Кыргызстандын жол тескөөчү адиси. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын жол тескөөчү адиси. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын аймагында 26-февралдан 3-мартка чейинки аралыкта 21 миң 61 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу 4-мартта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы маалымдады.

Анын ичинде тийиштүү документтери жок автоунаа башкаргандар 251, мас абалында унаа башкаргандар 231, автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткандар 75.

Мындан сырткары жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар 1 015, транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуулар 3 187, ээнбаштык фактылары 2, белгиленген ылдамдыктан ашуу фактылары 3 600 жана жалган мамлекеттик номур менен унаа башкаруу фактылары 2. Башка жол эрежелерин бузуу фактылары 12 700 учур.

Бул эреже бузуулардын ичинен 1 208 автоунаа ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу айып короосуна киргизилген.

Мындан мурдагы аптада жалпысынан жол кыймылынын эрежелери бузулган 20 197 учур катталган жана анын ичинде 448 айдоочу унаасын мас абалында айдап жүргөнү аныкталган.

Кыргызстанда 2023-жылы 6 945 жол кырсыгы катталып, андан 783 адам каза болду. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп. (ErN)

XS
SM
MD
LG