Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:34

АКШда автокырсыктан эки кыргызстандык набыт болду


Филадельфия. Иллюстрациялык сүрөт.
Филадельфия. Иллюстрациялык сүрөт.

АКШда Пенсильвания штатынын Филадельфия шаарындагы жол кырсыгында Кыргызстандын эки жараны каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШдагы элчиликке шилтеме кылып билдирди.

ТИМдин 4-март, саат 15:00ке карата тактап берген маалыматына ылайык, каза болгондордун бири 21 жаштагы Е.Т., экинчиси 22 жаштагы Б.А. аттуу жаран.

Учурда маркумдардын сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси каралып жатат.

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги быйыл февралга карата АКШда 36 миң кыргызстандык жашап, иштеп жатканын билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG