Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Абанын сапатын баалоо үчүн Кыргызстандын өзүнүн индексин киргизүү сунушталды


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Министрлер кабинети Кыргызстанда аба сапатын баалоочу индексти киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештеги Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин 4-марттагы жыйынында биринчи окууда каралды.

Анда баяндама жасаган Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асия Райымкулова мындай индекстин кириши менен коомчулук абанын сапаты тууралуу кабардар болуп турарын, анда көрсөткүчтөр ачык болорун белгиледи.

Маалыматка ылайык, учурда абанын сапатына Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кыргызгидромет кызматы байкоо салат. Бирок андагы маалыматтар тиешелүү адистерге, экологдорго гана берилип, коомчулукка ачык жарыяланбайт.

“Учурда Кыргызстандагы абанын сапатын баалоо IQAir сайтынан алынган көрсөткүчтөр менен жүргүзүлөт. Бул көрсөткүчтөр АКШ, Индия сыяктуу өлкөлөргө ыңгайлашкан жана Кыргызстандагы улуттук нормаларды жана өзгөчөлүктөрдү эске албайт. Абанын сапатына ар кандай сандагы баа берилгени үчүн Кыргызстан дайыма антирейтингдин лидерлигинде турат”, - деди Раимкулова.

Мыйзам кабыл алынса, улуттук көрсөткүчтөрдүн негизинде индексти киргизүүнүн жол-жобосу даярдалып, мекемелер аралык маалымат системасы, тиркеме иштелип чыгат.

Депутат Султанбай Айжигитов өкмөттүн абанын сапатын баалоочу IQAir көрсөткүчүнөн баш тартуу аракетин анын “күчтүү талаптарынан кутулуу” амалы катары баалады.

Раимкулова улуттук индексте Кыргызстандагы шарттар толук камтыларын түшүндүрдү.

Дүйнөдөгү абанын сапатын иликтеген IQAir сайтынын маалыматында Бишкек бир канча жылдан бери абасы кир шаарлардын катарында. Суук түшкөнү ыш көйгөйү орчундуу маселеге айланат. Быйыл башка жылдарга салыштырмалуу кыш жылуу болду.

Былтыр мэрияга ышты азайтуу жана абаны таза кармоо үчүн кошумча укуктар берилген. Ага ылайык, мэрия шаардагы автоунааларга тиешелүү талаптардын сакталышын көзөмөлдөйт.

Ноябрда Дүйнөлүк банк Кыргызстанга абанын булганышы менен күрөшүүгө 50 миллион долларды жеңилдетилген насыя катары бөлөрү белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG