Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Бишкек шаардык кеңеши борборго кошулган аймактардын депутаттарын чогултту


Бишкек шаардык кеңешинин сессиясы. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы К.Конгантиев (оңдон экинчи), мэр Айбек Жунушалиев (оңдон үчүнчү). Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек шаардык кеңешинин сессиясы. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы К.Конгантиев (оңдон экинчи), мэр Айбек Жунушалиев (оңдон үчүнчү). Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык кеңеши 4-мартта аймактык-административдик реформанын алкагында борбор калаага кошулган айыл округдардын депутаттары менен чогуу алгачкы ирет кеңейтилген отурумун өткөрдү. Пландалган 235 депутаттан 155и жыйынга келди. Күн тартибине 10 маселе киргизилип, каралды.

Шаардык кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиев президенттин тийиштүү жарлыгына ылайык алар ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткүчө чогуу иштей турганын, андан соң депутаттардын жаңы саны аныктала турганын айтты.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кошулган округдардын депутаттарынын сунуш-пикирлерин угууга даяр экенин билдирди.

29-февралдагы сессияда президент Садыр Жапаровдун “Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыгына байланыштуу талаш-тартыш чыккан. Калаа жетекчиси Жунушалиев ага ылайык депутаттык корпус 45тен 235ке көбөйгөнүн айтып, шаардык кеңешти мыйзам чегинде жаңы курамда иштөөгө чакырган. Мындан соң мэр ордунан туруп, жыйындан чыгып кеткен.

Бишкек шаардык кеңешинин кеңейген курамы ошол эле күнү түштөн кийин чогула албай, шаарга кошулган айыл аймактардын жергиликтүү кеңештеринин төрага-төрайымдары жана айрым депутаттары гана келген. Натыйжада шаарга кошулган аймактардын бардык депутаттарын 4-мартка сессиясы 4-мартка белгиленген.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 30-декабрында “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгү ирилештирилип, жаңы аталыштарга ээ болгон.

Жарлыктын негизинде Бишкек шаары 12,9 миң гектардан 37,8 миң гектарга кеңейет. Бул азыркы көлөмдөн үч эсе көп. Мында Чүй облусунун сегиз айыл аймагы жана төрт айыл аймактын айрым айылдары борборго кошулууда.

Географиялык жактан Бишкектин аянты төрт тарабынан кеңейет. Түндүк жана чыгыш тарабынан Аламүдүн районунун Аламүдүн, Маевка, Пригород, Төмөнкү Ала-Арча, Лебединовка, Көк-Жар айыл аймактары, батыш жана түштүк жагынан Сокулук районунун Новопавловка, Орок айыл аймактары карамагындагы 22 айыл менен чогуу Бишкек шаарына каратылды.

Мындан тышкары, Ленин айыл аймагынын Мыкан айылы, Ак-Жар, Нуркожо-Ата, Адилет жаңы конуштары, Ак-Дөбө айыл аймагынын Алтын-Казык жаңы конушу, Кара-Жыгач айыл аймагынын Анар-Бак жаңы конушу менен 544, 545, 552-контурлары, ошондой эле Ат-Башы айыл аймагынын Ак-Жол айылынын 177-контуру да Бишкекке кошулат. (ErN)

XS
SM
MD
LG