Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 5-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6;
Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5 градус суук болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4°, күндүзгү жогорку температурасы 5…7° болот.