Сомдун графикалык символу Unicode стандартына киргизилди

Сомдун графикалык символу.

Улуттук банк Кыргызстандын расмий акча бирдиги - сомдун графикалык символу Unicode (ред: Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюм) стандартына киргизилгенин билдирди.

Сомдун графикалык белгиси “Microsoft Windows 11” версиясынан баштап “Microsoft Windows” операциялык системасына жана андан кийинки чыгарылыштагы бардык камсыздоо программаларына кошулду.

Сом белгисинин графикалык символун экранга чыгаруу үчүн кыргыз тилин тандап, клавиатурадагы “оң Alt+9” айкалышын терүү керек.

Сомдун графикалык символу 2017-жылы бекитилип, коммерциялык банктарга, жеке жактарга графикалык символду өндүрүштө, товар чыгарууда, тейлөө жарнамаларында, маалыматтык материалдарды жайылтууда колдонуу сунушталган.

Кыргызстанда улуттук валюта жүгүртүүгө 1993-жылдын 10-майында киргизилген. (BTo)

Дагы караңыз

Google корпорациясы менен билим берүү тармагындагы кызматташтык талкууландыИранда жапырт нааразылыктан берки алгачкы шайлоо өтүүдөБишкекте жарандарды букмекердик оюнга тартууга шектелип эки чет өлкөлүк кармалдыНавальныйдын зыйнаты өтө турган жерге темир тосмолор коюлуп, полиция топтоло баштадыБишкек мэринин укугун кеңейтүү боюнча долбоор талкууга коюлдуЖапаров Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун каржылоо долбоору бекитилгенин билдирдиБишкекке кошула турган айылдар борбордогу төрт районго кирет