Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:58

Бишкекте жарандарды букмекердик оюнга тартууга шектелип эки чет өлкөлүк кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык милициясы лицензиясы жок букмекердик оюндарды жарнамалап, бул аркылуу жарандардын акчасын дайым уурдап турган деген айып менен эки чет өлкөлүк жаран кармалганын 1-мартта билдирди.

Мекеме кабарлагандай, милицияга блогерлер жарандарды лицензиясы жок кумар оюндарына чакырган жарнама роликтерди байма-бай жарыялап жатканы боюнча маалымат түшкөн. Мунун негизинде Октябрь райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 219-беренеси ("Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу") менен кылмыш иши козгогон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жарандарды лицензиясы жок букмекердик кеңселерге тартып, алардын акчасын уурдап турган деген шек менен 2002-жылы туулган Ж.М. жана 2004-жылы туулган Т.Д. аттуу жарандар кармалган. Алар букмекердик оюнга кыргызстандыктарды тартуу үчүн жергиликтүү блогерлерди пайдаланганы айтылат.

Учурда жогорудагы кылмыш иштерине тиешеси бар башка адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында чаралар көрүлүүдө.

Кыргызстанда уруксат берилип, лицензия алган казино жана букмекердик кеңселерден мамлекеттик бюджетке жалпы 100 млн 464 миң сом салык түшкөнүн Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов 25-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Казино ишмердигине 2012-жылы 1-январда салынган тыюу 2022-жылы алынган. Кумарканага уруксат берген мыйзамга президент Садыр Жапаров ошол жылы 30-июнда кол койгон. Парламентте мыйзам талаш-тартыш менен кабыл алынган. Ага ылайык, кыргыз жарандары жана 21 жашка чейинки чет элдик жарандар казиного киргизилбейт. Өкмөт кумар оюндарынан казынага 2 млрд сомго жакын акча түшөрүн билдирген.

XS
SM
MD
LG