Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:25

Бишкек мэринин укугун кеңейтүү боюнча долбоор талкууга коюлду


Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев.

Административдик-аймактык реформа жүргүзүү учурунда Бишкек шаарынын мэрине шаардын 2024-жылдагы бюджетин өз алдынча бекитүү укугун берүү сунушталды. Бул тууралуу Бишкекте административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу жөнүндө шаардык кеңештин коомдук талкууга коюлган токтомунда жазылган.

Ушул эле документте Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары элге көрсөткөн коммуналдык кызматтарга жана товарларга, коомдук транспортко тарифтерди мэр өзү эле аныктаганга мүмкүнчүлүк берүү каралган.

Андан тышкары муниципалдык кызмат көрсөтүлө турган аймактардын чек араларын аныктоо укугу да берилет.

Министрлер кабинети Бишкек менен Ош шаарынын мэрлерине ушундай эле укуктарды берген мыйзам долбоорун сунуштаган. Ага ылайык, Бишкек жана Ош шаарынын мэрлерине шаардын бюджетин шаардык кеңештин депутаттарынын талкуусу жок, өзү бекитүү, мамлекеттик органдардын шаардагы башкармалыктарынын жетекчилерин дайындоо жана кызматтан алуу, тарифтерди өз алдынча бекитүү укуктарын берүү сунушталган.

Жогорку Кеңеш 21-февралдагы жыйынында документти сынга алып, четке каккан. Бир катар депутаттар жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарын азайта турган мыйзам долбоору Конституцияга каршы келерин билдиришкен. (BTo)

XS
SM
MD
LG