Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:41

Бишкекке кошула турган айылдар борбордогу төрт районго кирет


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкектин айланасындагы айылдар борбор калаадагы азыркы төрт районго биригип, кошумча жаңы район түзүлбөйт. Бул тууралуу Бишкекте административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу жөнүндө Бишкек шаардык кеңешинин коомдук талкууга коюлган токтомунда айтылат.

  • Сокулук районунун Орок жана Новопавловка айыл аймактары Бишкектин Ленин районунун аймагына карайт.
  • Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл аймагы, ушул эле райондун Таш-Дөбө айыл аймагынын Орто-Сай айылы, Кара-Жыгач айыл аймагынын “Анар-Бак” конушу жана №544, №545, №552 контурлары Бишкектин Октябрь районуна кошулат.
  • Аламүдүн районунун Маевка, Пригород айыл аймактары, ушул эле райондун Ак-Дөбө айыл аймагынын “Алтын-Казык” конушу, Сокулук районунун Ат-Башы айыл аймагынын Ак-Жол айылынын №177 контуру Биринчи май районуна кирет.
  • Аламүдүн районунун Аламүдүн, Төмөнкү Ала-Арча, Лебединовка айыл аймактары, ушул эле районго караштуу Ленин айыл аймагынын Мыкан айылы жана “Ак-Жар”, “Нуркожо-Ата” жана “Адилет” конуштары Бишкектин Свердлов районуна кошулат.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Бишкектин аянты үч эсе кеңейтилип, 12 миң 900 гектардан 37,8 миң гектарга жетерин айткан.

Президент Садыр Жапаров былтыр 16-декабрда экинчи Элдик курултайда 2024-жылы Чүйдүн Сокулук, Ысык-Ата райондорунун айрым аймактары Бишкекке кошуларын, муну менен Бишкек 2 миллион киши жашаган шаар болорун билдирген.

Бишкек – Кыргызстандын баш калаасы жана өлкөнүн саясий, экономикалык, илимий, маданий борбору. (BTo)

XS
SM
MD
LG