Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:03

Навальныйдын зыйнаты өтө турган жерге темир тосмолор коюлуп, полиция топтоло баштады


Москва. 2024-жылдын марты.
Москва. 2024-жылдын марты.

Москвада оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйдын зыйнаты өтө турган чиркөөнүн жана сөөгү жерге бериле турган көрүстөндүн тегерегинде бүгүн 1-мартта күч кызматкерлери топтолуп жатканын кабарчылар билдирүүдө.

"Марьино" метро станциясынан тартып храмга жана Борисовское көрүстөнүнө чейин темир тосмолор коюлганын, Москва суусунун эки жээгинде тең полиция иштеп, кишилердин документин, жеке буюмдарын текшерип жатканын телеграм-каналдар кабарлоодо.

Маркум менен коштошуу иш-чарасы өтө турган храмдын жанында ондогон атайын жеңил автомашина жана автобустар турганы да айтылды.

"Медиазона" басылмасы мобилдик интернеттин иштөөсүндө да айрым учурда маселе жаралып жатканын жазды.

Саясатчынын басма сөз катчысы Кира Ярмыш жакындары өлүкканага саат 10до барганын, ошондон бери маркумдун сөөгү бериле электигин саат 12де билдирди.

Маркумдун санаалаштары анын зыйнаты 1-мартта Москванын Марьино районундагы чиркөөдө өтөрүн, сөөгү ошол эле күнү шаардын түштүк-чыгышындагы Борисовское көрүстөнүнө коюлмай болгонун 28-мартта жарыялашкан.

Навальный каза тапканы 16-февралда белгилүү болгон. Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы ал сейилдеп келгенден кийин өзүн начар сезип, дароо эсин жоготконун маалымдаган. Сөөгү энеси Людмила Навальнаяга 24-февралда гана берилген. Ал тергөөчүлөр Навальныйдын тажыясын жашыруун өткөрүүнү, болбосо абактын аймагына жерге берип салышарын айтып ультиматум коюшканын билдирген.

Навальныйдын командасы аны акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүүгө жай таппай жатканын Кира Ярмыш 27-февралда кабарлап, “Биз жеке жана мамлекеттик ритуалдык агенттиктердин, коммерциялык аянтчалардын жана аза күтүү залдарынын көбүнө телефон чалып чыктык. Кээ бирлери бош эмеспиз деп жатышат. Кээ бирлери Навальныйдын атын укканда эле баш тартууда. Бир жерде ритуалдык агенттиктерге түздөн-түз тыюу салынганын айтышты”, - деп X социалдык түйүнүнө (мурдагы Twitter) жазган.

47 жаштагы Навальный камакта 2021-жылдын январь айынан бери отурган. Былтыр августта ал “экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Буга чейин “Ив Роше” иши боюнча айыпталып, тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан. Орусиянын жогорку бийлигиндеги жемкорлук тууралуу ачык айтып келген Навальный өзүнө тагылган айыптарды четке каккан. Ал 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып барганда кармалган. Бир катар укук коргоо уюмдары Навальныйды саясий туткун деп таанышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG