Сот Талас округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды

Эмилбек Абдыкадыров жана Бактыбек Чойбеков. Коллаж.

Бишкек шаарынын административдик соту 28-февралда бир мандаттуу №21 Талас шайлоо округундагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча Эмилбек Абдыкадыровдун арызын канааттандырды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы маалымдады.

“Эмилбек Абдыкадыровдун административдик доо арызы канааттандырылды. Борбордук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 22-февралындагы №4 чечими күчүн жоготту деп табылып, соттун чечими менен БШКнын токтому жокко чыгарылды”, - деп айтылат маалыматта.

Абдыкадыровдун өкүлү буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) №21 Талас шайлоо округунан депутат болуп келген Бактыбек Чойбеков добуш сатып алганын айтып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну өтүнгөн.

Боршайком 22-февралдагы отурумунда аны канааттандырган эмес. БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекова бул чечимге каршы сотко кайрылса болорун айткан.

Бактыбек Чойбеков 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо бир мандаттуу №21 Талас шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген.

Ушул эле округдан Эмилбек Абдыкадыров да ат салышкан. Ал 2022-жылы февралда Бишкектин мэри болуп дайындалган. Бул кызматтан 2023-жылдын ноябрь айында кетип, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп бекиген. Бул кызматта үч айдай гана иштегенден кийин жумуштан алынган. (BTo)

Дагы караңыз

УКМК “жер мафиясынын” беш мүчөсү кармалганын билдирдиАфтандил Жоробековдун соту 12-мартта уланатБишкек мэри “шаардык кеңеш жаңы курамда иштеши керектигин” айтып, сессиядан чыгып кеттиБылтыр Кыргызстанда 12,5 миңден ашуун ажырашуу катталганЖол коопсуздугу боюнча башкармалыкка жаңы жетекчи дайындалдыҮй-бүлө кодексинин жаңы редакциясы талкууга коюлдуКыргызстанда Жалпы республикалык тестке онлайн каттоо башталды