Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:20

Афтандил Жоробековдун соту 12-мартта уланат


Афтандил Жоробеков сотто. Ленин райондук соту. Бишкек. 29-февраль, 2024-жыл.
Афтандил Жоробеков сотто. Ленин райондук соту. Бишкек. 29-февраль, 2024-жыл.

Камактагы активист Афтандил Жоробековдун иши боюнча биринчи отурум 29-февралда Бишкектин Ленин райондук сотунда өттү.

Соттук жараяндын жүрүшүндө Жоробековго айыбы угузулду. Мамлекеттик айыптоочу Абасканова Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык айып тагылганын билдирди.

Сот отурумуна лингвистикалык экспертизаны жүргүзгөн Нурлан Сартпаев келген жок. Активист Жоробеков өзүнө тагылган айыптарга макул эместигин, эч кандай мыйзам бузбай, өз укугун гана колдонгонун айтты.

Эксперт Нурлан Сакпаев келбегенине байланыштуу сот 12-мартка (саат 10:00) жылды.

Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккан 40 жаштагы активисттин камалганына эки айдан ашты. Ага “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган. Бөгөт чарасы узартылып, 13-апрелге чейин камакта калган.

Жоробековдун адвокаты активист бир гана лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы менен кармалып, иш козголгонун, экспертиза эреже бузуу менен өткөнүн, бул мыйзамсыз экенин билдирип жатат.

Жоробеков кармалгандан кийин анын автоунаасында жана батиринде тинтүү болуп, ноутбук, чөнтөк телефон алынган. Свердлов райондук милициясынын тергөөчүсү алынган ноутбук, телефон боюнча техникалык экспертиза дайындап, анын жыйынтыгы "массалык башаламандыктарга чакырык жок" деп чыккан.

Свердлов райондук соту ишти кароодон баш тартып, токтом менен Ленин райондук сотуна кайра жөнөткөн.

Былтыр бийлик Кыргызстандын мамлекеттик туусундагы элементтерди өзгөртүүнү демилгелеп, коомчулуктагы нааразылыктардын фонунда 2023-жылдын этегинде парламент аны колдогон. Тийиштүү мыйзамга президент кол койгон. (KS/ZKo)

XS
SM
MD
LG