Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:47

Жол коопсуздугу боюнча башкармалыкка жаңы жетекчи дайындалды


Жеңиш Жоробеков.
Жеңиш Жоробеков.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тескемесине ылайык, Жеңиш Жоробеков Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.

Ал 2022-жылдын декабрынан бери облустук милициянын башчысы болуп иштеп келаткан. Ага чейин ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысы кызматын аркалаган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруу милициянын полковниги Нурланбек Буркановго жүктөлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын мурдагы башчысы Азамат Исраилов берген билдирмесинин негизинде 29-февралда кызматтан кеткен.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 19-февралда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Канатбек Кубатбеков менен башкармалыктын техникалык бөлүмүнүн жетекчиси Адил Нефтулаевди жана автомектептин директорун кармаган.

Сот Канатбек Кубатбековду үй камагына чыгарып, эки кишини камакка алган.

Алар коррупциялык схема түзгөн деп шек саналып жатат. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, алар машиналарга газ баллондук жабдууларды орнотууга уруксат сертификатын каттоодо адамдардан мыйзамсыз акча алып турушкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG