Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:21

УКМК “жер мафиясынын” беш мүчөсү кармалганын билдирди


Кармалган шектүүлөр.
Кармалган шектүүлөр.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ысык-Көл облусунда жерлерди мыйзамсыз саткан деген шек менен Кадастр органдарынын, Архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын жооптуу беш кызматкери кармалганын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, “жер мафиясынын” мүчөлөрү 2010-2021-жылдар аралыгында мамлекеттик жана муниципалдык жер тилкелерин жасалма документтер менен менчикке мыйзамсыз чыгарып кеткен фактылар аныкталган.

Анын негизинде 52 миллион сомдон ашык акчага бааланган 58 гектарга жакын айыл чарба багытындагы жер жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткени такталган.

28-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаары жана Ысык-Көл облусу боюнча бул ишке тиешеси бар делген 13 адамдын үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, кармалган беш адам Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

УКМК тергөөдө калган сегиз кишинин аракетине да укуктук баа берилерин билдирди. Шектүү тарап азырынча комментарий бере элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG