Бишкек шаардык кеңешинин 29-февралдагы жыйынында президенттин “Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыгына байланыштуу талаш-тартыш чыкты. Жыйын башталган соң депутаттардын айрымдары кээ бир жагдайлар боюнча суроолор бар экенин айтып, маселе коюшту.
Мындан соң баш калаанын мэри Айбек Жунушалиев жарлык кабыл алынганын, ага ылайык депутаттык корпус 45тен 235ке көбөйгөнүн айтты. Ал ошол себептүү шаардык кеңешти мыйзам чегинде жаңы курамда иштөөгө чакырды. Кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиев бул жарлык тууралуу кеңири маалыматы жок экенин айтып, маселени талкууга салды.
Мындан соң мэр демонстративдүү түрдө ордунан туруп, жыйындан чыгып кетти. Куванычбек Конгантиев мэрдин бул кадамына түшүнбөй калганын айтып, депутаттарды жагдайды саясатташтырбоого чакырды.
Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 30-декабрында “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгү ирилештирилип, жаңы аталыштарга ээ болгон.
Жарлыктын негизинде Бишкек шаары 12,9 миң гектардан 37,8 миң гектарга кеңейет. Бул азыркы көлөмдөн үч эсе көп. Мында Чүй облусунун сегиз айыл аймагы жана төрт айыл аймактын айрым айылдары борборго кошулууда.
Географиялык жактан Бишкектин аянты төрт тарабынан кеңейет. Түндүк жана чыгыш тарабынан Аламүдүн районунун Аламүдүн, Маевка, Пригород, Төмөнкү Ала-Арча, Лебединовка, Көк-Жар айыл аймактары, батыш жана түштүк жагынан Сокулук районунун Новопавловка, Орок айыл аймактары карамагындагы 22 айыл менен чогуу Бишкек шаарына каратылды.
Мындан тышкары, Ленин айыл аймагынын Мыкан айылы, Ак-Жар, Нуркожо-Ата, Адилет жаңы конуштары, Ак-Дөбө айыл аймагынын Алтын-Казык жаңы конушу, Кара-Жыгач айыл аймагынын Анар-Бак жаңы конушу менен 544, 545, 552-контурлары, ошондой эле Ат-Башы айыл аймагынын Ак-Жол айылынын 177-контуру да Бишкекке кошулат. (ErN)