Токтогул ГЭСинин дагы бир агрегаты оңдоого берилет

Токтогул ГЭСин гидроагрегаты. Иллюстрациялык сүрөт.

“Электр станциялары” ишканасына караштуу Токтогул гидроэлектрстанциясынын (ГЭС) №1 гидроагрегаты 5-марттан тартып реконструкцияга берилет. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, планга ылайык аталган агрегат быйыл оңдоодон өтүшү керек болчу жана 15-февралдан тартып реконструкцияга берилиши керек эле. Аба ырайынын кескин сууктаганына жана электр энергиянын тартыштыгына байланыштуу бул иш март айына жылдырылган.

Министрлик 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезигилине чейин үлгүрүү үчүн реконструкция мындан кечеңдетилбеши керектигин белгиледи. Оңдоодон өткөн соң аны кайрадан ишке киргизүү көп убакытты талап кылат.

Токтогул ГЭСинин агрегаттары курулма 1975-жылы ишке берилгенден бери алмаштырылбай келе жаткан. Анын айрым жабдууларын жаңылоо жумуштары Азия өнүктүрүү банкынан алынган каражаттын эсебинен бир нече жыл мурда башталган. Долбоорду "Электр станциялары" ишканасынын адистери эл аралык компаниялар бирге ишке ашырып жатат.

Аталган ГЭСте жалпы төрт агрегат бар. Станциянын №4 агрегатын модернизациялоо жумуштары 2022-жылы аяктаган жана анын кубаттуулугу 300 мВт чектен 360 мВт чекке чейин көтөрүлгөн. №2 агрегатты реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери 2023-жылдын декабрында ийгиликтүү аяктап, анын да кубаттуулугу 300 мВт чектен 360 мВт чекке жогорулаган.

Энергетика министрлиги ГЭСтин №1 жана №3 агрегаттары 2024-2025-жылдары жаңыланарын мурдараак маалымдаган.

Токтогул ГЭСинин жалпы кубаттуулугу ушул маалга чейин 1200 мВт деп эсептелген. Соңку жаңылоолордон кийин станциянын күчү 1320 мВт чекке жетти. Реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери толук аяктаса анын кубаттуулугу 1440 мегаваттка көбөйөт деп пландалган.

Кыргызстанда ушул тапта жети ири гидроэлектрстанция жана эки ири жылуулук электр борбору бар. Алардын жалпы кубаттуулугу 3892 мегаватт, же 3 ГВт 892 МВт деп бааланат. (ErN)

Дагы караңыз

Бишкек мэри “шаардык кеңеш жаңы курамда иштеши керектигин” айтып, сессиядан чыгып кеттиУКМК “жер мафиясынын” беш мүчөсү кармалганын билдирдиАфтандил Жоробековдун соту 12-мартта уланатБылтыр Кыргызстанда 12,5 миңден ашуун ажырашуу катталганЖол коопсуздугу боюнча башкармалыкка жаңы жетекчи дайындалдыҮй-бүлө кодексинин жаңы редакциясы талкууга коюлдуКыргызстанда Жалпы республикалык тестке онлайн каттоо башталды