Абакта опузалап акча талап кылуу фактысы аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жаза аткаруу кызматы (ЖАК) менен чогуу абакта опузалап акча жана мүлк талап кылуу фактыларын аныкташты. Маалыматка ылайык, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган 25 жаштагы К.К. Оштогу №5 тергөө абагында отурган кезде 35 жаштагы камералашынан 10 миң сом талап кылган. Камералашы туугандарына кайрылып, акчаны опузалаган адамга которттурган. К.К. ошондой эле дагы бир камералашын сабап, өлтүрөм деп коркутуп, жер тилкесин ага өткөрүп берүүсүн талап кылган.

Бул эки факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүмү "Опузалап талап кылуу" менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин Жазаларды аткаруу кызматынын Тергөө кызматы жүргүзүүдө. Учурда айыпталуучунун опузалап талап кылуу боюнча башка иштерге да катыштыгы бардыгы иликтенүүдө.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) өткөн аптада уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө камактагылардан опузалап акча алууга жардам берген деген шек менен Жалал-Абадда милиция кызматкерин жана уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармаган. Алар абактагылардан ири суммадагы акча талап кылуу менен былтыр 6,5 миллион сом жыйнашканы аныкталган.

Өткөн жылдын 31-декабрында Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш уланарын, эми абактар тартипке салынарын эскерткен.

11-январда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАК) өлкөдөгү түрмөлөрдө, түзөтүү мекемелеринде жана тергөө абактарында криминалдык идеологияга каршы иш-чаралар өткөрүлө баштаганын билдирген.

Былтыр октябрда Бишкекте уюшкан кылмыш тобунун анабашы аталган Камчы Көлбаев УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлгөн. Атайын кызмат аны менен байланышта болгон, кылмыштуу топтун өкүлү деп шек саналган 40тан ашуун адам кармалганын, 1 миллиард долларлык актив камакка алынганын жарыяланган. Уюшкан кылмыш топторуна тиешеси бар "220дан ашуун мамлекеттик кызматкер аныкталганын, көбү кызматтан алынганын" кабарлаган. (ZKo)

Дагы караңыз

АКШда Украинага жардам маселеси чечиле элекДепутаттар Атазов менен Осмонов акы төлөнбөгөн эмгек өргүүгө чыктыБУУ: Газа калкынын төрттөн бири ачарчылык абалга жетип калдыЗеленский «Украина–Түштүк-Чыгыш Европа» саммитине катышуудаКыргызстан-Түркия соода алакасы былтыр 1,5 млрд долларды түздү