Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:00

БУУ: Газа калкынын төрттөн бири ачарчылык абалга жетип калды


Газа сектору.
Газа сектору.

Газа секторунун калкынын кеминде төрттөн бири ачарчылык абалга дээрлик жетип калганын 27-февралда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өкүлдөрү билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, сөз 567 миң адамдын тагдыры жөнүндө болууда.

Сектордун жалпы калкына азык-түлүк жетишпей, гуманитардык жүк жеткирип бараткан машиналар ар кандай кол салууга, талап-тоноого дуушар болуп жатышканы белгиленди.

БУУнун гуманитардык, азык-түлүк жана айыл чарба мекемелеринин өкүлдөрүнүн айтымында, Газанын 2,3 миллион калкы өтө оор абалда турат. Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кырдаал кейиштүү деп мүнөздөлүүдө.

Израил Газа секторундагы аскердик операциясын былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук уюм деп таанылган) кол салып, 1200 кишини, анын ичинде аялдарды, улгайган адамдарды жана балдарды өлтүрүп, 250дөй адамды Газага барымтага алып кеткенде баштаган.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси ошондон бери сектордо 30 миңге чукул палестиналык жай тургун, арасында аялдар жана балдар набыт кеткенин билдирүүдө.

Көптөгөн өлкөлөр Израилди жай тургундар курман болуп жаткан ашкере зомбулукка айыптоодо.

Израилдик аскерлер бутага ХАМАСтын согушкерлери гана алынып келатканын, алар жай тургундарды тирүү калкан катары колдонуп жатышканын айтууда.

Тынчтык сүйлөшүүлөрү АКШнын, Египеттин жана Катардын ортомчулугу менен жүрүп жатат. Мунаса табылса атышуу токтоп, ХАМАС барымтадагы израилдиктерди, Израил камакта кармап турган палестиналыктарды бошотууга милдеттүү болушары айтылып келет.

АКШ президенти Жо Байден Израилдин жана ХАМАСтын ортосундагы атышууну токтотуу боюнча мунасага келерки аптанын башына чейин жетишүү мүмкүн экенин 26-февралда билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG