Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:25

Депутаттар Атазов менен Осмонов акы төлөнбөгөн эмгек өргүүгө чыкты


Шайлообек Атазов жана Айбек Осмонов. Коллаж.
Шайлообек Атазов жана Айбек Осмонов. Коллаж.

Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов акы төлөнбөгөн эмгек өргүүгө чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирип, депутаттардын арызы парламенттин кадр кызматына түшкөнүн кабарлады.

27-февралда vb.kg сайты парламенттеги жеке булактарына шилтеме берип “депутаттар Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов чет өлкөгө шашылыш чыгып кеткенин” жазган. Ушундай эле маалыматтар социалдык тармактарда да тарады.

Айбек Осмонов 28-февралда “Азаттыкка” берген комментарийинде Түркияга дарылануу үчүн кеткенин, өлкөгө кайра кайтып келерин билдирди.

Шайлообек Атазов менен байланышууга мүмкүн боло элек.

15-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал чыккан. Анда алар Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовго байланышы бар экени жүйө келтирилген.

22-февралда Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырып, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өздөрү жазган арыздын негизинде алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

2021-жылы Райымбек Матраимов менен чогуу соттолуп, айып пул төлөгөн Абдыбахаб Боронбаев 14-февралда депутаттык мандатын тапшырган.

Айбек Осмонов буга чейин “Азаттыкка” берген комментарийинде Райымбек Матраимов менен жердеш экенин, бирок эч кандай байланышы жок экенин айткан.

Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган.

Райымбек Матраимов коюлган айып боюнча пикирин билдире элек. Анын кайда экени да белгисиз. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG