Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:26

Зеленский «Украина–Түштүк-Чыгыш Европа» саммитине катышууда


Владимир Зеленский Албанияда.
Владимир Зеленский Албанияда.

Украин президенти Владимир Зеленский бүгүн 28-февралда Албаниянын борбору Тирана шаарына барды. Ал албан премьер-министри Эди Рама менен жолугушуп, «Украина — Түштүк-Чыгыш Европа» саммитине катышат.

«Экинчи жолу чогулуп жаткан саммитте евроатлантикалык максаттарга биргелешип жетишүү тууралуу сүйлөшөбүз. Украинанын калыс жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу аракетине колдоо көрсөтүүнү сунуш кылам», — деп жазды Зеленский социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына.

Тиранада Зеленский Сербиянын, Түндүк Македониянын, Косовонун, Босния жана Герцеговинанын жана Черногориянын лидерлери менен жолугушат.

НАТОнун мүчөлөрү Албания, Түндүк Македония жана Черногория Орусияга Украинага кол салганы үчүн киргизилген санкцияларга кошулган өлкөлөр. Алар Украинага курал-жарак жана ок-дары жөнөтүп келишет.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен февраль айынын башында Тиранага барганда Албаниянын Украинага көрсөтүп жаткан жардамын жогору баалаган. Орусиянын союздашы Сербия санкцияларды колдогон эмес.

Сербиянын мурдагы провинциясы, 2008-жылы көз каранды эместигин жарыялаган, калкынын көбүн албандар түзгөн, НАТОго жана Европа Биримдигине мүчө болууга аракет кылып келаткан Косовонун эгемендигин Киев жана Белград тааныган эмес. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG