Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:42

Кыргызстан-Түркия соода алакасы былтыр 1,5 млрд долларды түздү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2023-жылы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода алака 1,5 млрд долларга жетти. Бул тууралуу Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-февралда кыргыз-түрк ишкерлеринин бизнес форумуна катышуу үчүн Бишкекке келген бир катар түркиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууда айтты.

Жапаров Кыргызстан Түркиянын ишкерлери үчүн ишкерлик кылуусуна дайыма ачык экенин, ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даяр экенин билдирди.

28-февралда Бишкекте Кыргызстан менен Түркиянын ишкерлеринин бизнес-форуму башталды. Иш-чарага Түркиядан 60тан ашуун ири компаниялардын өкүлдөрү келип, катышууда. Ал эми жергиликтүү ишкер чөйрөдөн 150дөн ашуун ишкана катышып жатат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG