Кыргызстан-Түркия соода алакасы былтыр 1,5 млрд долларды түздү

Иллюстрациялык сүрөт.

2023-жылы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода алака 1,5 млрд долларга жетти. Бул тууралуу Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-февралда кыргыз-түрк ишкерлеринин бизнес форумуна катышуу үчүн Бишкекке келген бир катар түркиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууда айтты.

Жапаров Кыргызстан Түркиянын ишкерлери үчүн ишкерлик кылуусуна дайыма ачык экенин, ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даяр экенин билдирди.

28-февралда Бишкекте Кыргызстан менен Түркиянын ишкерлеринин бизнес-форуму башталды. Иш-чарага Түркиядан 60тан ашуун ири компаниялардын өкүлдөрү келип, катышууда. Ал эми жергиликтүү ишкер чөйрөдөн 150дөн ашуун ишкана катышып жатат.(ZKo)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров Монголия парламентинин төрагасы менен кызматташуу жөнүндө сүйлөштүМатраимов иши: Кезек Жээнбеков менен Илмияновго жеттиби?1 млн сомдук баңгизатты сатууга аракет кылган жаран кармалдыАскерге чакыруунун жазгы өнөктүгү башталатКара-Суу менен Баткенде кайра шайлоо өткөрүү күнү тактала элек