Жээнбековдун экс-президент макамы кайра козголду
Жогорку Кеңештин депутаты, “Элдик” депутаттык тобунун төрагасы Акылбек Түмөнбаев парламенттин 28-февралдагы жалпы жыйынында Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу демилгесин көтөрүп, депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.
Ал Кыргызстанда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов менен байланышы бар адамдар мамлекеттик кызматтан алынып жатканын айтып, Сооронбай Жээнбековдун да Райымбек Матраимов менен байланышы бар экенин кошумчалады.
“Райымбек Матраимовду саясий аренага алып келип, партия түзүп берген кишилер кыргыз мамлекетинин төрүндө мамлекеттин эсебинен жашап атат. Ал - Сооронбай Жээнбеков. Сооронбай Жээнбеков президент болгонго чейин губернатор, премьер-министр болду. Ага чейинки президент Алмазбек Атамбаев, анын жанындагы Икрамжан Илмиянов колдоп-коштоп аны (ред: Райымбек Матраимовду) жетекчилик кызматка чейин алып келип эч кандай жоопко тартылбай жүрөт. Ушул жерде Сооронбай Жээнбеков саясий аренага алып келип, партия түзүп бергенде канча деген жаштарыбыз митингге чыгып кылкылдап турду. Ошондо бир да сөз айтып койбой, көзү көр же кулагы дүлөйдөй бийлигинен ажырады”, - деди ал.
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, депутат Нурланбек Азыгалиев Сооронбай Жээнбековдон экс-президент макамын кароо үчүн фракциянын чечими керек экенин белгилеп, андан кийин гана комиссия түзүлө турганын айтты.
Ал арада Түмөнбаев төрагалык кылган “Элдик” депутаттык тобу Жээнбековду макамынан ажыратуу боюнча депутаттык комиссия түзүү чечимин чыгарып, парламент төрагасына кат жолдогону белгилүү болду. Комиссия түзүү маселеси парламенттин 29-февралдагы отурумунда каралып калышы мүмкүн.
Сооронбай Жээнбековдун экс-президент макамын жокко чыгаруу боюнча маселе парламентте буга чейин утур - утур көтөрүлүп келгени менен нак аракеттер жасалган эмес.
Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган.
Эки апта мурда жергиликтүү Region телеканалындагы программада Матраимов менен байланышы бар делген бир нече депутаттын ысымы аталып, алар мандатын тапшырышы керек деген материалдар жарыяланган. Райымбек Матраимовдун бир тууганы, депутат Искендер Матраимов, депутат Нурлан Ражабалиев жана депутат Абдыбахаб Боронбаевдер мандаттарын өткөн апталарда тапшырды.
Ал эми Region телеканалындагы берүүдө аттары аталган Айбек Осмонов менен Шайлообек Атазов узак мөөнөткө эмгек өргүү алып, чет өлкөгө чыгып кеткени 28-февралда белгилүү болду. Осмонов ден соолугуна байланыштуу сыртта экенин айтса, Атазов менен байланыша алган жокпуз.
Матраимовду коргогон Жээнбеков
Матраимовдун бажыдагы коррупциялык схемалары тууралуу Сооронбай Жээнбеков президент болуп турган маалда көп айтыла баштаган. Бул жөнүндө “Азаттыктын” өнөктөштөрү менен жасаган журналисттик иликтөөлөрү да жарыяланган. Ошол кезде жарандык коом бийликти бул көйгөйгө көңүл бурууга чакырып, бир катар акциялар, жөө жүрүштөр өткөн. Жээнбеков бул маселени көтөргөндөргө толук фактыларды келтирип, укук коргоо органдарына кайрылууну сунуштап жүрдү.
“Райымбек Матраимов деле 23-ноябрда кызматтан кетип, 24үндө мен президенттикке келдим. Бул мага чейин болду. Бирок мен түшүнүп турам. Азыр өлкөнүн президенти – Сооронбай Жээнбеков. Кандай саясий окуя, иш болбосун, баары мени менен чечилиши керек. Ушуну эске алып, бажы кызматын фискалдаштырууга, санариптештирүүгө өткөрүп жатам”, - деп Жээнбеков 2019-жылы маалымат жыйында айткан.
Ошентип, Матраимов тууралуу сөздөргө жана журналисттик иликтөөлөргө бийликтен жарытарлык реакция болгон эмес. Тескерисинче, Матраимовдор санаалаштары менен түзгөн “Мекеним Кыргызстан” партиясы 2020-жылкы талаштуу парламенттик шайлоодо жеңип чыккан. Шайлоонун айынан элдик нааразылык күчөп, аягы бийлик алмашуу менен бүткөн. Отставкага кеткен Жээнбековго экс-президент макамы берилген.
Жээнбеков өзүнүн дарегине айтылган сын-дооматтарга жана экс-президент макамына байланыштуу сөздөргө комментарий бере элек.
Матраимовду жандагандардын айрымдары азыр да чоң мамлекеттик кызматтарды аркалап турганын айткандар да бар.
“Азыркы маалдагы айрым министрлер, азыркы бийлик менен иштешип жаткандардын көбү Матраимовдор менен байланышкан. Менден башкасы. Ошондуктан Матраимовго байланыштуу маселе болуп жаткандан кийин муну толук кандуу карап, чече беришсин”, - деди депутат Тазабек Икрамов.
Жарандык активист Перизат Саитбурхан Жээнбековдун макамына байланышкан маселе терең талданып, талкууланып чечилиши керек деген ойдо.
“Жээнбековдун статусун алардан мурда Жогорку Кеңеш азыр жасап жаткан иштерин мыйзам талаасында жүргүзүүгө көңүл бурушу керек. Себеби биз көрүп жаткандай, бир нерсе жакпай калса, дароо жумуштан алып, депутаттык мандатынан ажыратуу сыяктуу иштер болуп жатат. Азыр бардык мыйзамдарды бузуу менен иштеп жатабыз, бирок бул келечекте кандайдыр бир маселе жаратышы мүмкүн”.
Депутаттар Илмияновду да эстешти
Жогорку Кеңештин 28-февралдагы жыйынында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болгон, алдамчылыкка айыпталып соттолгон Икрамжан Илмияновду жоопко тартуу демилгеси да көтөрүлдү. Депутат Медербек Алиев "китеп окубаган адам байлыкты топтоп алып жашап, ошол эле маалда тоок уурдагандар камалып жатканын" айтты:
“2020-жылы парламенттик шайлоо ыплас өткөндүктөн революция болгон. Нааразылыктын чыгышына “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” жана “Биримдик” партиялары негиз болгон. Ошолордун дээрлик көпчүлүгү азыркы бийикти да курчап алып кошомат кылып, жооп топ болуп жүрөт. Муну эч ким тана албайт. Икрамжан Илмияновдун да аты аталып кетти. Өмүрүндө бир китеп окубаган адам ушул саясий элитаны түптөгөн. Парламентке “ушул өтөт, бул өтпөйт” деп чечип турган. Азыр ал байлыкты топтоп алып жыргап жашашы керек. Ал эми тоок уурдагандар камалат. Ага да саясий баа берилиши керек”.
"Шоопур" деген каймана ат менен белгилүү 49 жаштагы Икрамжан Илмиянов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири болгон. 2000-жылдардын башында жеке айдоочусу болгон Илмиянов Атамбаев президенттик кызматта турган учурда жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлеген. Тагыраагы, 2011-жылдан 2017-жылга чейин президенттин кеңешчиси, кийинчерээк президенттик аппараттын башчысынын орун басары болуп эмгектенген. Бул учурда Илмияновдун саясий чөйрөдө таасири абдан артып, бир катар маанилүү чечимдерди кабыл алууга катышып жатканы жөнүндө көп эле сөздөр жүргөн. Муну ал кездеги президент Атамбаев четке кагып, кеңешчисинин мыйзамсыз иш-аракеттери жөнүндө ачык айтып чыккандарды сынга алчу. Икрамжан Илмиянов 2018-жылы Кыргызстандан чыгып кетип, ошол жылдын октябрында Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Ага карата Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин "Өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык" баш болгон бир нече берене боюнча айып койгон.
Илмияновду 2019-жылы 30-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту жети жылга кесип, 1600 эсептик көрсөткүчтө (160 миң сомдун тегереги) айып салуу, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу өкүм чыгарган. 2020-жылы 19-июнда бул ишти Бишкек шаардык соту карап, анын жаза мөөнөтүн бир жыл алты айга кыскартып, беш жыл алты ай деп чегерген. Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган. Күнөөсү жок экенин айтып келаткан Илмиянов Молдовановка айылындагы №26 жатак абакка чыгарылган.