Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:05

Аскерге чакыруунун жазгы өнөктүгү башталат


Кыргыз аскери. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз аскери. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров аскерге чакыруунун жазгы өнөктүгүн баштоо тууралуу жарлыкка 20-февралда кол койду. Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын март-май айларында чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, аскерге баруу мөөнөтүн кийинкиге жылдырууга укуктары жок эркек жарандар Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн катарына чакырылат. Ошондой эле алар башка аскердик түзүмдөрүнө, мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарга мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакырылат.

Мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүмдөрүнүн катарынан запаска бошотулат.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргызстандын милдеттүү аскердик кызмат өтөө мыйзамдарына ылайык, аскерге чакыруу жазында жана күзүндө болот. Аскерде кызмат өтөөнүн мөөнөтү - бир жыл.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG