Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:20

1 млн сомдук баңгизатты сатууга аракет кылган жаран кармалды


Кармалган жаран жана анын жанынан табылган баңгизат.
Кармалган жаран жана анын жанынан табылган баңгизат.

Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында баңгизат таратууга шектелген Бишкек шаарынын тургуну, 39 жаштагы М.М.К. атуу жаран кармалды. Бул тууралуу 28-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, ал 26-февралда Ысык-Ата районунун Ивановка айылында Субару Легаси В4 үлгүсүндөгү унааны айдап бараткан жеринен колго түшкөн. Анын унаасын тинтүү маалында 10 ширеңке кутусунда 152 грамм салмактагы кара куурайдын өзгөчө жыты бар каражаты жана 200 миң сомдон ашык акча алынган. Мындан соң анын үйүн тинтүү маалында 496 грамм салмактагы баңгизаты табылган. Алынган баңгизатынын жалпы салмагы болжол менен 650 граммды түзүп, 1 миллион 300 миң сомго жакын каражатты түзгөн.

Баңгизат болжол менен ооган чарсы деп саналууда. Толук анализ чыгаруу үчүн экспертиза дайындалды. Кармалган жаран аны Чүй облусуна жана Бишкек шаарында жашыруун жана тымызын, үзгүлтүксүз түрдө таратып келгени аныкталууда.

Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү (Сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Операцияны УКМК Чүй облустук ички иштер башкармалыгы менен чогуу жүргүзгөн. Ошол себептүү кармалган жаран Чүй облустук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштери уланууда. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG