Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:24

Садыр Жапаров Монголия парламентинин төрагасы менен кызматташуу жөнүндө сүйлөштү


Монголия парламентинин төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. 28-февраль, 2024-жыл.
Монголия парламентинин төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. 28-февраль, 2024-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-февралда, Монголиянын Улуу мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатарды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин сайты кабарлады.

Жолугушууда эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлдеги кыргыз-монгол кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Президент Садыр Жапаров акыркы жыл ичинде Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы кызматташтыкта оң динамика байкалганын, саясий диалог кеңейтилгенин жана экономикалык байланыштар алга жылып жатканын белгиледи. Ал ошондой эле билим берүү тармагында жетишилген макулдашуулардын алкагында кыргыз жана монгол тилдерин үйрөнүү үчүн студенттер менен алмашуу жигердүү ишке ашырылып жатканын кошумчалады.

Мамлекет башчысы өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн, тоо-кен тармагында кызматташуунун чоң мүмкүнчүлүктөрүн баса белгиледи.

Гомбожавын Занданшатар ар кыл багыттар боюнча, өзгөчө парламенттер аралык кызматташтык чөйрөсүндө кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экендигин айтты. Ал Монголия Кыргызстандын кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча аракеттерин кубаттап жатканын белгилеп, монгол инвесторлору кыргыз жергесинде бизнес жүргүзүүгө кызыкдар болуп жатканын кеп кылды.

Монголиянын Улуу мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар Кыргызстанга 26-февралда расмий иш сапар менен келди. Андан бери ал Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган кыргыз бийлик өкүлдөрү менен кездешти.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2023-жылдын июлунда Монголияга мамлекеттик сапар менен барып келген. Анын алкагында Улан-Батор шаарында Кыргызстандын элчилиги ачылган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG