Кыргызстанда 28-февралдан баштап жол эрежесин бузган айдоочуларга салынган айып пулдун кошумча тууму жокко чыгарылды. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, бул Укук бузуу кодексинин жол кыймылынын эрежесин бузгандарга тишелеүү 177-беренеден 180-беренеге чейин жана 182-беренеден 200-беренелерге чейин иштейт.
Буга чейин жол эрежесин бузган айдоочуга айып салынып, аны өз убагында төлөбөсө кошумча туум кошулчу. Эми айдоочу жол эрежесин бузгандыгы үчүн негизги салынган айып пулду гана төлөйт.
Салыктык эмес кирешелер кодексине, Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамды Министрлер кабинети сунуштаган. Буга чейин ИИМ айдоочуларга туумду төгүү тууралуу эскертип жалпысынан 9 жолу токтом чыгарып, почта менен ар бирин 65 сом төлөп, кат түрүндө жөнөтүп жаткан. Ага кеткен чыгым өндүрүлгөн туумдан ашып кеткен.
Айып пул салынгандан кийин 30 күн ичинде төлөнсө айдоочуга 70% жеңилдик берилет. Андан кийин айып пулдун өзүн 100% жана туумун күнүнө 1% өлчөмүндө кошо төлөш керек болчу. (BTo)
Дагы караңыз
Акылбек Жапаров кыргыз радиолору санарип диктор колдонуп жатканын айттыПарламентте Икрамжан Илмияновду жоопко тартуу маселеси көтөрүлдүДепутаттар жергиликтүү бийликтен радиация тууралуу маалымат берүү укугу алынганын сындаштыДепутат Түмөнбаев Жээнбековдон экс-президент макамын алууну сунуштадыЫсык-Көлдө майнинг-ферма электр тармактарына мыйзамсыз кошулганы аныкталдыАйбек Осмонов чет өлкөгө ден соолугуна байланыштуу кеткенин айттыМындан ары аттестат акысыз болотСууктан электр тармагына күч келип жарык өчүүдөЖЭБдеги жарылуудан жабыркагандар айыга баштаганы айтылды