Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:59

Парламентте Икрамжан Илмияновду жоопко тартуу маселеси көтөрүлдү


Икрамжан Илмиянов сот залында. 2019-жыл.
Икрамжан Илмиянов сот залында. 2019-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси, алдамчылыкка айыпталып соттолгон Икрамжан Илмияновду жоопко тартуу демилгесин көтөрдү.

Бул тууралуу ал парламенттин 28-февралдагы жыйынында “Элдик” депутаттык тобунун төрагасы Акылбек Түмөнбаев Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу сунушун бергенден кийин айтты.

“2020-жылы парламенттик шайлоо ыплас өткөндүктөн революция болгон. Нааразылыктын чыгышына “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” жана “Биримдик” партиялары негиз болгон. Ошолордун дээрлик көпчүлүгү азыркы бийикти да курчап алып кошомат кылып, жоон топ болуп жүрөт. Муну эч ким тана албайт. Икрамжан Илмияновдун да аты аталып кетти. Өмүрүндө бир китеп окубаган адам ушул саясий элитаны түптөгөн. Парламентке “ушул өтөт, бул өтпөйт” деп чечип турган. Азыр ал байлыкты топтоп алып жыргап жашашы керек. Ал эми тоок уурдагандар камалат. Ага да саясий баа берилиши керек”.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Элдик” депутаттык тобунун төрагасы Акылбек Түмөнбаев парламенттин 28-февралдагы жалпы жыйынында Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу демилгесин көтөрүп, депутаттык комиссия түзүү сунушун берди.

Спикердин орун басары, депутат Нурланбек Азыгалиев Сооронбай Жээнбековдон экс-президент макамын алуу боюнча фракциянын чечими керек экенин жана андан кийин комиссия түзүлө турганын айтты.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жеке айдоочусу, ишенимдүү кеңешчиси катары таанылган, президенттик администрациянын аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары Икрамжан Илмияновду 2018-жылы октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетик комитет (УКМК) кармаган.

Башкы прокуратура ага “жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган” деген айып койгон. Кылмыш-жаза кодексинин “Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык” беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылган Илмияновду 2019-жылы 30-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту жети жылга кесип, 160 миң сом айып салып, үй-мүлкүн конфискациялоо өкүмүн чыгарган.

2020-жылы 19-июнда бул ишти Бишкек шаардык соту карап, анын жаза мөөнөтүн бир жыл, алты айга кыскартып, беш жыл, алты ай деп чегерген. Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган.

Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор Бишкекте 5-6-октябрь күндөрү нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ал тоз-тополоң менен коштолуп, бир адам мерт болуп, дагы бир нечеси жараат алган. Нааразылык акциялар бийлик алмашуу менен аяктаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG