Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:16

Мындан ары аттестат акысыз болот


Жалпы орто билим жөнүндө аттестат. Иллюстрациялык сүрөт.
Жалпы орто билим жөнүндө аттестат. Иллюстрациялык сүрөт.

Жалпы негизги билим жөнүндө күбөлүк жана жалпы орто билим жөнүндө аттестат мындан ары бүтүрүүчүлөргө акысыз берилет.

Билим берүү жана илим министрлиги маалымдагандай, бүтүрүүчүлөрдөн бул документтер үчүн акча талап кылууга мектеп жетекчилигинин укугу жок. Билими тууралуу документин жоготуп алган бүтүрүүчү дубликат алуу үчүн акча төлөйт.

"Эгерде аттестат жоголуп же башка себептер менен дубликат алына турган болсо, аттестаттын тиркемеси менен дубликатына 50 сом, артыкчылыгы менен аттестат дубликаты үчүн 50 сом, күбөлүктүн дубликатына 20 сом төлөнөт", - деп жазылган маалыматта.

Министрлик быйылтан тарта мектеп бүтүрүүчүлөрүнө берилүүчү билим тууралуу документтер санариптештириле баштаганын, учурда 10 мектепте апробация жүргүзүлүп жатканын кошумчалады. Электрондук аттестаттарды жана күбөлүктөрдү толтуруу боюнча ар бир райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери окутулду.

Президент Садыр Жапаров былтыр май айында мектептерде акча чогултууга тыюу салган жарлыкка кол койгон. Анда акча чогултууга жана мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө да тыюу салынып, ага жол берген мектеп директорлору жана мугалимдер жоопко тартылары эскертилген.

Билим берүү жана илим министринин маалыматында, 2023-2024-окуу жылында 9-классты 128 миңден ашуун, 11-классты 73 миңден ашуун бүтүрүүчү аяктайт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG