Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:33

Депутаттар жергиликтүү бийликтен радиация тууралуу маалымат берүү укугу алынганын сындашты


Гуля Кожокулова
Гуля Кожокулова

Жогорку Кеңеш 28-февралда "Калктын радиациялык коопсуздугу тууралуу" мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун карап жатат.

Талкуу учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова радиациянын зыяны тууралуу маалымат берүү укугу жергиликтүү бийликтен алынып калганын белгиледи:

"13-беренеде калкка тиешелүү аймактагы радиациянын зыяны тууралуу маалымат берүү укугу эмне себептен алынды? Бул кандай максат менен жасалып жатат? Мындай жабыктык эмне үчүн? Мындан ары элибиз радиациянын зыяны тууралуу маалымат ала алышпайбы? Сезип турам, бул жерде "чоң иттин өлүгү, болгондо да аябай сасык иттин өлүгү көмүлгөн". Мындан жаратылышка гана эмес, элдин саламаттыгына доо кетип атпайбы?".

Кожокулова өзгөртүү киргизилип жаткан мыйзамда маалыматты Министрлер кабинети зарыл учурда бере турганы жазылганын сынга алды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев беренедеги өзгөртүүнү "мыйзамды Юстиция министрлигинин талабы менен тартипке салуу максатында гана жүргүзүлгөн" деп түшүндүрдү.

Дагы бир депутат Элвира Сурабалдиева да элге радиациянын зыяны тууралуу маалыматты берүү укугу жергиликтүү бийликтен жана айылдык кеңеш депутаттарынан алынып салганын сынга алды.

"Жергиликтүү кеңеш менен айыл өкмөт башчыларынын укугун алып коюпсуңар. Бирок ызы-чуу чыкса эл Өзгөчө кырдаалдар министрлигине келбейт, Кызыл-Омполдо тополоң чыкса, көлдүн эли бул жакка келбейт, өздөрүнүн бийлигине барышат", - деди Сурабалдиева.

Радиациянын зыяны тууралуу маселе өкмөт Кызыл-Омпол кенин иштетүү дымагын билдиргенден тарта кызуу талкууга түштү.

Президент Садыр Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп, Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан.

2019-жылдын декабрь айында өлкөдө уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Ошол эле жылдын жазында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ушундай эле акциялар Бишкекте да болгон. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG