Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:05

Ысык-Көлдө майнинг-ферма электр тармактарына мыйзамсыз кошулганы аныкталды


Майнинг ферманын жабдуусу. УКМКнын сүрөтү
Майнинг ферманын жабдуусу. УКМКнын сүрөтү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы чараларынын жүрүшүндө Караколдо жергиликтүү электр тармактар ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте майнинг-ферманы облустун электр тармактарына мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталды.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө Каракол шаарындагы үйлөрдүн биринде электр тармактарына мыйзамсыз кошулуп, электр энергиясын уурдоо менен майнинг-ферма иштетилип жатканы аныкталды. Маалыматта майнинг-фермада криптовалюта чыгаруу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттер уюштурулганы жазылган.

Тинтүү учурунда үйдүн кампасынан криптовалютаны иштетүү үчүн 12 даана жабдуу алынган. Учурда келтирилген зыянды эсептөө иштери жүрүп жатат.

"Азаттык" былтыр иликтөөсүндө Кеминде жайгашкан "Соларкоин" компаниясы Кыргызстандын энергетика системасынын 30 МВт электр кубатын ала турганы, бул айрым райондордун бүтүндөй же теңинин керектөөсүнө тете экендигин тактаган.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев былтыр "Азаттыкка" Кыргызстандын криптовалюта чыгара турган эки гана майнинг компания – Кеминдеги “Соларкоин” жана "Камбар-Ата-2" ГЭСиндеги "МБТ Строй" компаниялары менен келишим түзүлгөнүн билдирген.

Министр "Азаттыктын" иликтөөсүнөн кийин "Соларкоин" электрди Казакстандан алууну чечкенин билдирген. Казакстандын энергетиктери бул маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да эмес.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG