Бишкекте эки ишкана бириктирилди

"Бишкекжашылчарбанын" кызматкерлери

Мэриянын 6-февралдагы токтомуна ылайык, "Бишкекжашылчарба" жана "Бишкексуучарба" ишканалары бириктирилди. Бул муниципалдык ишканалардын ишинин натыйжалуулугун арттыруу максатында жүргүзүлүп жатканын мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жаңы ишкана "Бишкекжашылкурулуш" (Бишкекзеленстрой) муниципалдык ишканасы деп аталат. Мекеменин жетекчилигине "Бишкексуучарба" ишканасынын башчысы Болотбек Одракаев дайындалды.

Борбор калаада учурда 13 муниципалдык ишкана жана 15 чакты түрдүү агенттик, башкармалык жана департаменттер бар.(ZKo)

Дагы караңыз

Азербайжанда эркин журналист тогуз жылга соттолдуКуранды өрттөгөн Волгограддын тургуну Чеченстанда 3,5 жылга кесилдиБайден Израил барымтадагылар бошосо атышууну токтотууга макул болорун билдирдиБишкекте темир жолдун үстүнөн өтмөк куруу үчүн 108 гараж алындыСотто Адахан Мадумаров сурала баштайт