Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:07

Куранды өрттөгөн Волгограддын тургуну Чеченстанда 3,5 жылга кесилди


Никита Журавель.
Никита Журавель.

Чеченстандын борбору Грозный шаарында сот Волгоград шаарынын тургуну Никита Журавелди Куран китебин өрттөгөнү үчүн айыптуу деп таап, 3,5 жылга эркинен ажыратканын бүгүн 27-февралда жергиликтүү басылмалар жана Телеграм-каналдар билдиришти.

Кылмыш-жаза кодексинин «Ээнбаштык» деген беренесинин негизинде айып тагылган Журавель «динге ишенгендердин сезимин мазактаганы үчүн» деп 300 саат милдеттүү жумуш аткарышы да керек болот.

Сот отурумунда Журавель мусулмандардан кечирим сурап, алар үчүн ыйык китепти өрттөгөнү үчүн күнөөсүн моюнуна аларын, бирок одоно тартип бузуу ниети болбогонун айткан.

2023-жылдын 19-майында Телеграм-каналдардын биринде мечиттин фонунда Куран китеби күйүп жаткан видео чыккан. Эртеси күнү Волгоград шаарында Педагогика университетинин студенти Никита Журавель кармалган. Интернетте ал Куранды Украинанын тапшырмасы боюнча өрттөгөнүн, бул үчүн 10 миң рубль убада кылышканын айтып жаткан видео тараган.

Козголгон кылмыш ишин Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин Чеченстанга өткөрүп берип, муну "аймактын көпчүлүк тургундары өзүлөрүн жабыркаган тарап деп сезип жатышканы" менен түшүндүргөн.

Грозный шаарынын тергөө абагынан Журавель Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун 15 жаштагы уулу Адам Кадыровдун ур-токмогуна кабылган. Сентябрь айынын соңунда Рамзан Кадыров өзүнүн Телеграм-каналына окуянын видеосун жарыялаган, кийин ал уулуна Чеченстандын баатыры деген наам ыйгарып, Журавелди “өлтүрүп койсо деле жакшы болмогун” айткан.

Журавель абакта сабалган видео коомчулукта кызуу талкуу жараткан, бирок күч органдары эч кандай реакция жасаган эмес, тергөө абагына башка адам кандайча кирип, камактагы кишиге кол салганы боюнча да түшүндүрмө берилген эмес.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ага бул окуяга байланыштуу суроо бербөөнү өтүнгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG