Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

Бишкекте темир жолдун үстүнөн өтмөк куруу үчүн 108 гараж алынды


“№27 А гараж” кооперативинин гараждары бузулуп жаткан учуру. 27-февраль, 2024-жыл.
“№27 А гараж” кооперативинин гараждары бузулуп жаткан учуру. 27-февраль, 2024-жыл.

Бишкек шаарынын Бакаев (төмөн жагы Матыев) көчөсүн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин узартып, темир жолду кесип өткөн эстакадалык өтмөк куруу үчүн 108 гаражды алынып жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мэриянын жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы Ленин райондук акимиаты, Транспорт департаменти жана “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте Асаналиев 12 көчөсүндөгү “№27 А гараж” кооперативин демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө.

Мунун алдында “Муниципалдык токтотмолор, унаа туруктары жана базарлар” муниципалдык ишканасы аталган кооператив менен ижара келишимин бузган. Аларга 16-февралда 5 календардык күндүн ичинде ыктыярдуу түрдө муниципалдык жерлерди бошотуу боюнча эскертүүлөр берилген. Гараж ээлери ал талапты аткарбагандан улам мэриянын түзүмдөрү бузуу иштерин өздөрү алып барууда.

Бишкек шаардык мэриясы калаада автотыгындарды азайтуучу чаралардын бири катары – Фучик жана Бакаев (төмөн жагы Матыев) көчөлөрүн узартып, темир жолду кесип өткөн жол куруу планын февралдын башында жарыялаган.

Долбоор ишке ашса Фучик көчөсү Лев Толстой көчөсүнө чейин узарат. Бакаев (Матыев) көчөсү Толстой көчөсүнөн ары Ала-Арча суусунун жээгин бойлой Бөкөнбаев көчөсүнө чейин созулат. Бул Жаш гвардия бульвары жана Асаналиев (Некрасова) көчөлөрүндөгү тыгындарды бир топ жеңилдетет деп күтүлүүдө.

Мэриянын басма сөз кызматы чечмелегендей, темир жол шаарды эки бөлүккө бөлүп турат. Аны кесип өткөн башка көчөлөрдөгү учурдагы эстакадалар калаанын түштүк жана түндүк бөлүктөрүнүн ортосундагы транспорттук байланышты жетиштүү камсыздай албайт. Ошол себептүү темир жолду кесип өтүүчү жолдордун санын көбөйтүү зарылчылыгы күн санап күчөп жатат. Мэриянын жыйынында белгилүү болгондой, шаарда темир жолду кесип өткөн 9 өтмөк куруу планы бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG