Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:20

Байден Израил барымтадагылар бошосо атышууну токтотууга макул болорун билдирди


Жо Байден.
Жо Байден.

Израилдин жана ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук уюм деп таанылган) ортосундагы атышууну токтотуу боюнча мунасага келерки аптанын башына чейин жетишүү мүмкүн экенин АКШ президенти Жо Байден билдирди. 26-февралда Нью-Йоркто журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ал Израил эгер ХАМАС барымтадагыларды бошотсо Рамазан айында атышуусун токтото турууга макул болорун айтты:

«Дем алыш күндөрдүн соңуна карата деп үмүттөнөм. Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчимдин айтымында, жакындап калдык, бирок азырынча аягына чыга элекпиз. Келерки дүйшөмбүгө карай атышууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишебиз деп ишенем».

Тынчтык сүйлөшүүлөрү АКШнын, Египеттин жана Катардын ортомчулугу менен жүрүп жатат. Мунаса табылса атышуу токтоп, ХАМАС барымтадагы израилдиктерди, Израил камакта кармап турган палестиналыктарды бошотууга милдеттүү болушары айтылып келет.

Рамазан айы 10-марттын кечинде башталып, 9-апрелде аяктайт.

Израил Газа секторундагы аскердик операциясын былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу кол салып, 1200 кишини, анын ичинде аялдарды, улгайган адамдарды жана балдарды өлтүрүп, 250дөй адамды Газага барымтага алып кеткенде баштаган.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси ошондон бери сектордо 30 миңге чукул палестиналык жай тургун, арасында аялдар жана балдар набыт кеткенин билдирүүдө.

Көптөгөн өлкөлөр Израилди жай тургундар курман болуп жаткан ашкере зомбулукка айыптоодо.

Израилдик аскерлер бутага ХАМАСтын согушкерлери гана алынып келатканын, алар жай тургундарды тирүү калкан катары колдонуп жатышканын айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG