Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:49

Азербайжанда эркин журналист тогуз жылга соттолду


Аваз Зейналлы.
Аваз Зейналлы.

Азербайжандын борбору Баку шаарынын оор кылмыштар боюнча соту бүгүн 27-февралда журналист Аваз Зейналлыны «ири өлчөмдөгү паракорчулук» деген айыптын негизинде соттоп, тогуз жылга эркинен ажыратты.

Мындан тышкары аны «кызмат адамынын чечим чыгаруусуна мыйзамсыз таасир эткен» деп айыптап, тинтүү учурунда үйүнөн табылган 8,6 миң долларга жакын акчасын мамлекетке чегеришти.

Тергөөчүлөр Зейналлы металлургиялык Baku Steel Company комбинатынын мурдагы жетекчиси, 2021-жылдын январь айынан бери камакта отурган Расим Мамедовдун үй-бүлөсүнөн 10,8 доллар пара алган деп айыпташкан.

Журналист коюлган айыпты четке кагып, соттук териштирүүгө күбө катары катышкан 38 кишинин 31ин тааныбай турганын, прокуратура ага тагылган айыпка далил келтире албаганын, кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу куугунтукка кабылып жатканын айтууда.

«Хурал» («Парламент») телеканалынын башкы редактору, көз каранды эмес интернет-телеканалдын алып баруучусу Зейналлы камакка 2022-жылдын сентябрь айында алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG