Кыргызстандын Улуттук банкы 26-февралда эсептик ченди 13% деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 27-февралда кабарлады.
Өлкөнүн негизги банкынын маалыматы боюнча, инфляциянын жылдык көрсөткүчү 2024-жылдын февраль айында 2023-жылдын декабрындагы 7,3% деңгээлинен 5% төмөндөдү. Январь айында өнөр жай, кызмат көрсөтүү жана курулуш тармагындагы өсүштөн улам ички дүң өнүм (ИДӨ) 7,4% көбөйгөн.
Эсептик чен инфляцияны ооздуктоочу негизги каржылык каражаттардын бири. Ал жогоруласа инфляциялык процесстер акырындайт, бирок экономикалык өнүгүү темпи төмөндөйт. (BTo)
Дагы караңыз
Акылбек Жапаров: Лондондо Кызыл-Омпол, Жетим-Тоо боюнча презентация кылдыкМажар парламенти Швецияны НАТОго кабыл алууга макулдук бердиЕкатеринбургда кыргызстандык соодагерлер иш ташташтыТумандан улам "Ош" аэропортуна учактар коно алган жокHRW казак бийлигин каракалпак активистин Өзбекстанга өткөрүп бербөөгө чакырдыАкылбек Жапаров көмүскө экономиканын үлүшү 46% экенин айтты